КАТАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки сан­жыра (мисалы, катагандын хан Турсун) ж-а эпос­тордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маа­лыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли м-н тектеш ж-а байыртадан бери кошуна жа­шап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. Абрамзон катагандар негизинен аз сан­дуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн ж-а каада-салты (атчабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да ок­шоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу Ра­шид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уру­улар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусу­нун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө Абу-л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген ж-а ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсирке­миштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Булардан тышкары Орто Ази­янын айрым республикаларында да кезигет.