КАРБИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБИДДЕР – көмүртектин металлдар ж-а кээ бир металл эместер м-н болгон химиялык бирикмеле­ри. Химиялык байланыш типтери боюнча иондук, кова­ленттик ж-а металл сымал болуп бөлүнөт. Ион­дук карбиддерде металл атомдору – катион, көмүртек анион катары каралат. Булар: Li2C2, Na2C2, CaC2, Cu2C2, Al3C4 ж. б. Суу м-н кошулуп, ацетилен же метанды бөлүп чыгарат. Коваленттик карбиддерге кремний ж-а бор карбиддери SiC, B4C кирет. Аларда атом аралык байланыштары өтө күчтүү болгон­дуктан, өтө катуу ысытууга туруктуу ж-а жа­рым өткөргүч касиетке ээ. Металл сымал карбиддер – металлдарга окшош электр тогун жакшы өткө­рүүчү, катуу морт заттар. Металл сымал карбиддерде көмүртек атому металлдын кристаллдык торчо­сундагы боштукка жайгашкандыктан, өтө ка­туу, бышык, өтө жогорку температурада эрүүчү зат­тар, мисалы, HfC 4200°Сде эрийт. Алар суу, ще­лочь, көпчүлүк минералдык кислоталарга абдан ту­руктуу. Металл сымал карбиддерге Н2, О2ни таасир эт­кенде гидрокарбиддер, оксикарбиддер. Алар жогорку температурага ж-а кислоталарга абдан турук­туу. Карбиддер негизинен күкүмдөлгөн металлдарды кө­мүртек м-н инерттүү чөйрөдө жогорку температурада ысытууда алынат. Карбиддер табиятта минерал түрүндө да көп жолугат. Карбиддер ширетүү ишинде ацетилен (СаС2) булагы, титан, ниобий, тантол, молиб­ден, вольфрам ж. б. металлдардын карбиддери катуу куймалардын компоненти катары, жогорку температуралык жылыткычтар үчүн материал (SiC ж. б.), кескич ж-а жонгуч аспаптарды жасоодо колдонулат.