КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАСЫМБЕКОВ 2 to КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМБЕКОВ Мырза Фазылбек (1863, Бадахшан, Шунган кыштагы – 14. 2. 1919, Ош) – тарых­чы, чыгыш изилдөөчү, географ ж-а саякатчы. Маргалаңдагы жогорку диний мектеп – Султан Муратбектин медресесин бүтүргөн. О. Азия ж-а коңшу өлкөлөрдүн географиясын, тарыхын, эт­нографиясын, тилин жакшы билген. 19-кылымдын 80-жылдарынын аягы – 90-жылдарынын ба­шында Ошто жашап, тилмеч, жол көрсөткүч, чарба иштеринин башчысы катары Кашкар, Ти­бет, Гиндикуш, Памир (1888–89), Түркия (1896), Афганстандагы (1903–04) илимий экспедицияларга катышып, аспаптык байкоолор жүргүзгөн, зоологиялык ж. б. коллекцияларды жыйнаган. Ал кызматы үчүн Россия география коомунун 2 алтын, күмүш, коло медалдары м-н сыйланган. Чыгыш элдеринин кол жазмаларын жыйнаган. 1907-жылы Бадахшандын 1809–1907-жылдардагы соңку тарыхын жазган. Анын бул эмгеги Мырза Сан-Мухамбет Бадахшанинин эмгегинин уландысы болуп эсеп­телет. 1911–13-жылдарда Ош орус-тузем мектебин ачып, анда мугалим болуп иштеген. 1914–17-жылдарда Ошто демократиялык маанайдагы жаштардын тобун жетек­теген. 1917-жылы уулу Санжар Касымбеков м-н бир­ге «Окуучулар союзун» түзгөн. Басмачылар кол­дуу болуп өлгөн.