КАСТРО РУС
КА́СТРО РУС Фидель (13. 8. 1926-жылы туулган, Биран, Орьенте провинциясы) –

Кубанын мамлекеттик, саясий ж-а аскер ишмери. Советтер Союзунун Баатыры (1963). Гаванада католик коллежин (1945), Гавана университетинин укук факультетин (1950) бүткөн. 50-жылдардын башында Куба элинин («Ортодокстор») партиясына өткөн. Өлкөдө генерал Фульхенсио Батистанын диктатурасы орногондон кийин (1952, март) ага каршы чакан топ түзүп, 1953-жылы 26- июлда Сантьяго-де-Куба шаарындагы аскер казармасына кол салган, бирок ал аёосуз басылып, аскер трибуналынын өкүмү м-н 15 жыл түрмөгө кесилген. 1955-жылы коомчулуктун кысымы боюнча мунапыс алып, Мексикага эмиграцияга кеткен ж-а ал жерде «26-июль кыймылы» аттуу революциялык топ түзгөн. 1956-жылы декабрда Кастро Р.ус, иниси – Рауль Кастро, аргентиналык Эрнесто Че Гевара ж-а революционерлер тобу м-н Кубанын Орьенте провинциясына келип, Батистанын диктатурасына каршы партизандык күрөшкө жетекчилик кылган. 1959-жылы 1-январда Кубада революция жеңип, Батистанын бийлиги кулаган соң, Куба Республикасынын революциячыл өкмөтүнүн премьер-министри болгон (1959–77). 1965-жылдан Куба КП БКнын 1-секретары, 1977–2008-жылдарда Мамлекеттик ж-а Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. Кастро Рус 1960-жылы Кубадагы АКШ ж. б. чет мамлекеттердин менчиктерин тартып алып, америкалыктардын 850 млн доллардык ишканаларын мамлекеттештирген. СССР ж. б. социалисттик мамлекеттер м-н соода-экономикалык байланыштарды түзгөн. «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1961). 3 Ленин, Октябрь Революциясы ордендери м-н сыйланган.