КАРА ТАМЫР
КАРА ТАМЫР (Symphyium Тоurn.) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы көп жылдык чөп. Бийик өсөт, жалбырагы майда тикендүү, кезектешип жайгашат. Гүлү көк, кызгылт, ак, сары, көгүш кызыл. Түндүк Африкада, Азиянын батышында 25тей түрү белгилүү; 10дон ашык түрү КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө ж-а Батыш Сибирь токойлорунда кездешет. Эң негизгиси дары кара тамыр ж-а орус кара тамыры. О р у с к а р а тамырынын жалбырагы жазы, бийиктиги 1 мден ашык, көгүлтүр же сары гүлдүү, тамыры жоон.Орус кара тамыры тоют өсүмдүгү. Жашыл массасынань силос, чөп уну дардалат. Нымдуу жерде гектарынан 300-1000 ц силос массасы алынат. Түшүмдү негизинен жалбырагы берет Орус кара тамырынан даярдалган 100 кг жашыл тоютта 16 тоют бирдиги , 2,3 кг аш болумдуу прнотеин ж-а 600 мг каротин болот Чөбүн чочко, коен, үй куштары, уй куштары жакшы жейт. Д а ры К.т. медицинада, ветеринарияда колдонулат. Анын тамырында алкалоид ж-а өңдөгүч заттар бар.