КАРА КЫЗ
КАРА КЫЗ (Lappulla Moench) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Бир, эки же көп жылдык бозомтук түктүү чөп. Жалбырагы сызгычтай (ланцеттей). Гүлү майда, ачык көгүш, беш мүчөлүү, гүлү бурулча топ гүлүнө чогулган. . Мөмөсү төрт бөлүктүү жаңгакча, илмек тикендүү, ошондуктан малдын жүнүнө уйгактай жабышат. Түштүк Америка м-н Африкада, ошондой эле Австралия ж-а Түндүк жарым шардын мелүүн алкактарында 50гө жакын түрү кездешет. Кыргызстанда 15 түрү тоо этегинде, арык боюнда, аңызда, дың жерде өсөт. Кара кыз уруусунун көп түрү – отоо чөп.