КАРА КҮРҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КҮРҮЧ, г р е ч и х а (Faqopytum Gaerin) – кара күрүчтөр тукумундагы бир же эки жыл­дык чөп өсүмдүгү. Жапайы ж-а эгилме түрү бар. Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 1 м терең­дикке сүңгүйт. Көп кырдуу, ичи көңдөй, сабагы тик өсөт, көп бутактуу, бийиктиги 0,5–1,5 м. Жал­бырагы үч бурчтуу, жүрөк сымал. Мөмөсү – ку­туча дан. Даны күрөң, боз, кара түстө. 1000 даа­на данынын салмагы 20–30 г. Даны катуу ка­быктуу. Кара күрүч кыска мөөнөттө өнүп, өсүүчү өсүмдүк. Өрчүү мезгили 60–90 күн. Үрөнү 5–6 см тереңдикке себилет. Ал баалуу акшак берет, анын даамы жагымдуу, сиңимдүүлүгү боюнча ал­дыңкы орунда. Данында 13–15%и белок, 2,0–2,5%и кант, 2,0–3,0%и май; 2,2–2,5% күл зат­тары, адамга өтө пайдалуу микроэлементтер (темир, кальций, фосфор, жез, цинк, иод), органикалык кислоталар, В1, В2, Рр витаминдери ж. б. бар. Кара күрүч гүлдөгөн учурда ар бир га жерден 100–120 кг бал топтоого болот. Кара күрүчтүн ондогон сорттору

К а ра к ү р ү ч : 1 – гүлдүү бутагы; 2 – мөмөлүү чоку бу­так.

чыгарылган, анын ичинде Большевик-4, Шатиловский- 4, Калининская, Богатырь белгилүү. Кыргызстанда Богатырь сорту жакшы түшүм берет.

Э. Капарова.