КАРЫШКЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫШКЫРЛАР (Canis) – жырткыч сүт эмүү­чүлөрдүн ит сымалдар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 70–160 см, куйругунун узундугу 20–50 см. Бутта­ры узун, жылына 2 жолу түлөйт. 6 түрү Евра­зия, Африка, Америка, Гренландияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 2 түрү бар. Жаныбарлар м-н азыктанат. Көбүнчө мал жайытында, талаа, чөлдө жашайт. Түсү сур, тундра карышкыры куу, чөл карышкыры саргыч. Өмүр бою жубу м-н, кээде кышкы­сын үйүр болуп жүрүшөт.

Ылаңдаган же өлгөн жаныбарды жеп, санитар ролун ат­карат; табигый биоценоздо туяк­туулардын санын жөнгө салып ту­рат . 62– 75 күн көтөрүп, 3–13 (де­мейде 4–6) бөлтү­рүк тууйт. Бир ай­дан кийин аларды эт жегенге үйрө­төт. Күзүндө эле бөлтүрүктөр чоң­дор м-н кошо жа­шап, жаныбарларга кол салат. Мал чарбасына зыян келтирет.