КАРЫНДЫЗ
КАРЫНДЫЗ (Inula) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу.

Көбүнчө эки, кээде көп жылдык чөп, чанда бадал. Жалбырагы бүтүн жээктүү, кезектешип жайгашкан. Себети бирден же бир нечеси биригип, калкандай татаал топ гүлдү түзөт. Гүлү сары, четкилери тилдей, ортоңкулары түтүктөй түзүлүштө. Жер жүзүндө 150–200дөй түрү Евразия, Африка ж-а Жер ортолук деңиз аймагында таралган. Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Бийик карындыз м-н чоң карындыз медицинада дары катары колдонулат. Алардын тамыр-сабагында инсулин, эфир майы, полисахариддер бар.