КАРА КАЙЫҢДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КАЙЫҢДАР – эки үлүштүү өсүмдүктөр катары (Fagales) ж-а тукуму (Fagaceac). Жал­бырагы күбүлмө ж-а дайыма жашыл дарак ж-а бадалдар. Гүлү майда, көрксүз, желекчесиз, көбүнчө бир жыныстуу, демейде татаал топ гүлчөгө чогулган; шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгактай. Катардын 2 тукуму (кара кайыңдар, ак кайыңдар) бар. Кара кайыңдардын 7–9 уруу­су, 600дөй (айрым маалымат боюнча 1000ге чейин) түрү мелүүн, субтропик ж-а тропик алкактарда кезигет. Бир үйлүү энелик дихазийи (жуптуу топ гүл) бир же бир нече гүлдөн турат. Гинецейи (мөмө жалбырактары) синкарптуу, астынкы мөмөлүктүү. Казылып алынган калдыктары бор мезгилинде табылган. Кара кайыңдар – токой түзүүчү өсүм­дүктөр (кара кайың, эмен, каштан ж. б.).