КАРШИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШИ́ (1926–37-жылдарда Б е к - Б у д и) – Өзбек­стандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Каш­ка-Дарыя вилаетинин административдик борбору. Кашка-Да­рыянын боюнда, Карши талаасында, Кунгур-Тоо дөңсөөсүнүн этегинде жайгашкан. Калкы 274,8 миң (2020; калкынын саны боюнча вилаеттеги 2- шаар). Эл аралык аэропорту бар. Жеңил (анын ичинде пахта тазалоочу, текстиль, тигүү), тамак-аш–татымал (анын ичинде май экстракты) өнөр жайы, курулуш материалдар ишканалары иштейт. Педагогикалык институт, край таануу музейи бар. 14-кылымда пайда болгон. Көк-Күмбөз мечити (16-кылымдын аягы) сакталган.