КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТОГРАФИЯЛЫК ПРОЕКЦИЯЛАР – жер эллипсоидинин же жер шарынын бетин тегиз­дикке түшүрүүнүн математикалык ыкмалары. Картографиялык проекциялар жер эллипсоидинин бетиндеги ж-а тегиздиктеги че­киттердин координаталарынын өз ара көз ка­рандылыгын аныктайт. Эллипсоиддин (же шар­дын) бетин тегиздикке бүктөлүүсүз же үзбөй жаюуга мүмкүн болбогондуктан, тегиздикке тү­шүрүлгөн жердин айрым геометриялык касиеттерин кар­тада бурмалап көрсөтүүгө туура келет. Бурма­лап көрсөтүүлөрдүн мүнөзүнө карай тең бурчтуу, тең чоңдуктагы, эркин ж-а тең аралыктагы па­раллелдердин, меридиандардын түшүрүлүшүнө карата цилиндрдик, конустук, азимуттук, жал­ган конустук (псевдоконустук), жалган ци­линдрдик (псевдоцилиндрдик), шарттуу картографиялык проекцияларга бөлүнөт. Тигил же бул картографиялык проекцияларды колдонуу карта­нын эмнеге арналышына, картага түшүрүлгөн аймактын конфигурациясына ж-а абалына жараша болот.