КАРТАҢБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТАҢБАЕВ Райкан Соодалиевич (2. 3. 1956- жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району, Эркин-Сай айы­лы) – техника илимдеринин доктору (2003), ФПИни (1978), Москвадагы автомобиль-жол институтунун аспирантурасын (1983) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, комсомол комитетинин секретары; Кыргыз авто­жол конструктордук-технологиялык институтунда улук окутуучу, доцент, бөлүм башчысы; КМКТАУда кафедра башчысы; «Технопарк» илимий-технологиялык борборунун директору болуп иштеген. 2005-жылдан КМКТАУда илим ж-а мамлекеттик тил боюнча прорек­тор. Туннель кесилиштери ж-а жол долбоорлоо жаатында адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 10 монографиянын автору.


Эмг.: Эсептөө техникасын колдонуу жана космостук сүрөт съёмкаларын пайдалануу менен тоо жолдорун долбоорлоо. Б., 1997; Транспорттук туннелдерди долбоорлоодо математикалык моделдештирүү. Б., 1998; ПЭЭМди пайдалануу менен курулуш механика­сынын жалпы курсу. Б., 2003 (авторлош); Автомо­биль жолдорун курууда шагыл материалдарын пайда­лануунун өзгөчөлүктөрү. Б., 2004 (авторлош).