КАРТАХЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТАХЕ́НА , К а р т а х е н а - д е - И н д и а с – Колумбиядагы шаар. Боливар департаментинин административдик борбору. Кариб деңизинин жээгинде, Маг­далена дарыясындагы деңиз порту (жылына 7 млн т жүк ташылат). Калкы 885,7 миң (2008). Жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Нефть ажыра­туу, тамак-аш, цемент, химия өнөр жай ишканалары иштейт. Шаар 1533-жылы негизделген. Кул соода­лоонун борбору болгон. Картахенанын тарыхый борбо­рундагы 3 квартал (ак сөөктөр, соода ж-а эл­дик) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кир­гизилген. 16–18-кылымдардын чептери, чиркөөлөрү, мо­настырлар ж-а соборлор сакталган. Өлкөнүн башкы ишкер, соода (зер буюмдар, асыл таш­тар) ж-а өнөр жай борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме ремонттоо), жеңил ж-а тамак-аш, нефть

Шаардын заманбап бө­лүгүнүн көрүнүшү.

ажыратуу (Кариб деңизинин жээгиндеги ж-а өлкөдөгү эң ири; кубаттуулугу суткасына 75 миң баррель; 2010-жылы кубаттуулугу суткасына 140 миң баррелге жеткирилет) ишканалары иштейт. Университеттер, музейлер, китепканалар бар. Картахенада ЭКФ (1961-жылдан) өткөрүлүп турат.