КАРСТ СУУЛАРЫ
КАРСТ СУУЛАРЫ – карст боштуктарындагы, үңкүрлөрүндөгү суулар. Карбонаттуу, гипстүү аймактарда кездешет. Бир нече гидродинамикалык аймактарга бөлүнөт. Аэрация аймагы жыл мезгилине жараша деңгээлин өзгөртүп турат. Толук нымдуу аймактар гидрокарбонаттуу, кальций сульфаттуу келип, суу өткөрүүчү тектерге байланыштуу болот. Карст сууларынын жер бетине агып чыгышынан карст булактары пайда болот.