ДӨҢ-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢ-АРЫК – Чүй облусунун Чүй районундагы кыш­так. Бурана айыл өкмөтүнө караштуу. Район­дун борбору Чүй кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Токмок темир жол бекетинен 3 км. 1929-жылы отурук­ташкан. Деңиз деңгээлинен 961 м бийикте жайгашкан. Калкы 3000 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.