ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨ БӨЛҮКТӨРҮ – Жер шарынын шарттуу бөлүктөрү; ага материктер же анын бөлүктөрү жана ага жакын жаткан аралдар кирет. Дүйнө бөлүктөрү алтоо: Европа, Азия (экөө биригип, Евразия материгин түзөт), Африка, Австралия, Америка (Түштүк Америка, Түндүк Америка материк­тери), Антарктида; кээде Океания да дүйнө бөлүктөрүнө кирет. Ошондой эле Жаңы жана Эски дүйнө бөлүктөрүнө бөлүнөт.