КАРА БАШ ЧӨП
КАРА БАШ ЧӨП (Poterium) – роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. КМШ өлкөлөрүндө 3, Кырггызстанда 1 түрү (P. sanguisorba L.) бар. Бийиктиги 60 смге чейин жетет. Шалбаада, жол, суу, арык, көлмө бойлорунда көп кездешет. Жалбырагы канат сымал, тегерек, жээги майда тилкелүү. Негизинен жайыт чөбү. Эрте жазда тез өсүп, май–июлда гүлдөйт. Тоют үчүн уругу (10%) башка өсүмдүк уруктары м-н бирге себилет. Жашыл массасында бардык кургак заттарга карата алганда 16,6% протеин, 8,0% күл, 4,0% май, 23,7% клетчатка болот. Жалбырагында 261 мг% С витамини бар. Кой, уй, жылкы жакшы жейт.