ДЕРНОВ Пётр Сергеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:48, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕРНОВ Пётр Сергеевич [22. 10. 1925, СССР, РСФСР, Түндүк-Кавказ крайы (азыркы Ростов облусу), Самбеков хутору – 24. 01. 1945, Чыгыш Пруссия (азыркы Германия) Вадонг айылы] – Советтер Союзунун Баатыры (24. 03. 1945). 1940-жылы жети жылдык мектепти бүтүргөндөн кийин Красный Сулин металлургиялык заводунун алдындагы кесиптик окуу жайына кирген. Ал окуу жайы 1941-жылы сентябрь айында Кыргызстанга (Фрунзе облусу, Сокулук району) эвакуацияланып, заводдо токарь болуп иштеген.

1944-жылдын апрель айында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, 1944-жылдын май айынан июнуна чейин резервдеги 5-гвардиялык атчандар дивизиясынын 3-гвардиялык атчандар корпусунун 4-эскадрильясында 24-гвардиялык атчандар полкунда пулемётчу, андан кийин 2-Беларуссия фронтунда (5-гвардиялык атчандар дивизиясы, 3-гвардиялык атчандар корпусу) 24-гвардиялык артиллериялык полкунда автоматчы болуп кызмат өтөгөн. 24. 01. 1945-жылы Алленштайн (азыркы Польшадагы Ольштын шаары) Вадонг айлына жакын жердеги салгылашууда П. Дернов эскадрильянын алга жылышына тоскоол болуп жаткан пулемётту денеси менен жаап калган. Бул эрдиги үчүн Советтер Союзунун баатыры наамына татыган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.