КАРОЛИНГДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРОЛИНГДЕР – Франк мамлекетиндеги ко­ролдор м-н императорлор династиясы. Карл I нин ысмынан аталган. 751-жылы Меровингдерди ал­маштырып, 10-кылымгага чейин бийлик кылган. Каролингдер династиясы аны негиздеген Пипин Ланденский­дин (7-кылым) тушунда күчтөнө баштап, небереси Ге­ристальский, чөбөрөсү Карл Мартелл ж-а анын уулу Кодоо Пипиндин (Каролингдердин 1-королу) бийли­ги учурунда ого бетер чыңдалып, айрыкча Карл I Улуунун (768–814-жылдарда башкарган, 800-жылдан император) тушунда өтө күчөгөн. 814-жылы бийлик анын уулу Людовик Благочестивыйга өтүп, Вер­ден келишими (843) боюнча империяны Карл Iнин Улуунун неберелери бөлүп алган. Империя би­ротоло кулагандан кийин Каролингдер Италияда 905-жыл­га, Германияда 911-жылга, Францияда 987-ж. чейин бийлик кылган.