КАРОЛИНА АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРОЛИ́НА АРАЛДАРЫ – Тынч океандын ба­тыш бөлүгүндөгү архипелаг, Микронезияда. Каролина аралдарында Микронезия Федерация штаттары (Борбордук ж-а Чыгыш Каролина аралдары: Косрае, Понпеи, Трук, Яп) ж-а Палау Республикасы жайгашкан. 1–10° түндүк кең­диктин ж-а 131–163° чыгыш узундуктарынын аралыгында жайгашкан 936 аралдан (же арал­дар тобунан) турат. Жалпы аянты 1320 км2. Калкы 100 миңден ашуун (2000). Жанар тоодон пайда болгон ири аралдары (бийиктиги 791 мге чейин): Бабелтуап, Понапе, Кусаие, Яп, Трук. Фосфат кендери бар. Климаты экватордук ж-а субэкватордук. Дайыма жашыл тропик токою, саванна өсөт. Тропиктик дыйканчылык өнүк­көн. Балык кармалат. Каролина аралдарында европалыктар­дан алгачкы жолу 1528-жылы испан деңиз саякат­чысы А. де Сааведра болгон. Испан королу Карл IIнин урматына аталган.