КАРНО ЦИКЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРНО́ ЦИКЛИ – эки изотерма ж-а эки адиа­бата процесстеринен турган кайталанма, ай­ланма процесс (жүрүш). Жылуулук машина­ларынын пайдалуу аракет коэффициентин аныктоодо франциялык инженер Н. Л. С. Карно бул циклди 1824-жылы биринчи изилдеген. Карно циклинин пайдалуу аракет коэффициенти (11) жумуш аткаруучу нерсенин (буу, газ ж. б.) касиетине көз каран­ды эмес, ал жылуулук бергичтин Т1 ж-а жылуу­лук кабыл алгычтын Т2 температураларынын чоң­дугу м-н аныкталат, башкача айтканда 11=(Т –Т )/Т . Ар кандай жылуулук машиналарынын пайдалуу аракет коэффициенти Карно циклинин пайдалуу аракет коэффициентинен көп болушу мүмкүн эмес. Карно цикли термодинамиканы ж-а жылуулук техни­касын өнүктүрүүдө, жаңы кыймылдаткычтар­ды жасоодо чоң мааниге ээ. Карно циклине таянып, температуранын абсолюттук термодинамикалык шкаласы түзүлгөн, Клапейрон-Клаузиус теңдемеси чыгарылган.