КАРМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:02, 4 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РМА (санскритче karma – иш) – инди ди­нинде (индуизм, буддизм, брахманизм, жайнизм) ж-а философиясында не­гизги түшүнүктөрдүн би­ри, сансара түшүнүгүн то­луктайт. Кеңири маани­де – ар кандай эле тирүү жандык жасаган кылык­-жоруктардын ж-а алар­дын натыйжаларынын суммасы, ошондой эле тирүү жандын жаңыдан төрөлүү ж-а бөлөк түргө өтүү мүнөзүн аныктайт. Тар маа­ниде – жасаган иш-аракеттердин учурдагы ж-а андан кийинки жашоонун мүнөзүнө тийгизген таасири.