ГАВРИШ
ГА́ВРИШ Иван Фомич [07. 04. 1920, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Беловодск (азыркы Москва району) бөлүмү, Садовое кыштагы – 30.10.1994, Россия Федерациясы, Ростов-на-Дону шаары] – Советтер Союзунун Баатыры. Гвардиянын улук лейтенанты. Советтик Армиянын катарына Фрунзе облусунун Сталин райондук аскер комиссариаты тарабынан 1938-жылы чакырылган.

Улуу Ата Мекендик согушта штурмалоочу 74-гвардиянын Кызыл Туулуу Сталинград авиаполкунун звено командири. Түштүк-Батыш, Түштүк, 4-Украин, 3-Белорус фронтторунда салгылашкан. Согуш мезгилинде 100дөн ашуун согуштук учуш жасап, 7 жолу аба урушуна катышкан. 1945-жылдын март айына чейин улук лейтенант И. Ф. Гавриш душмандын 13 танкын, техника жүктөлгөн 60 автомашинасын, ок-дары сакталган 2 складын, 17 зениттик артиллериясын талкалап, 300дөн ашык солдатын жок кылган. Фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө фронт командачыларынын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткарып, ошондой эле согушта көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн И. Ф. Гавриш 19. 04. 1945 Советтер Союзунун баатыры наамына (№ 6236) ээ болгон. Согуш аяктагандан кийин Түндүк-Кавказ аскер округунда эскадрилья, штурмалоочу авиа полкунун командири болуп кызмат кылып, 1959-жылы майор И. Ф. Гавриш ардактуу эс алууга чыккан. Ленин, эки Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери ж.б. медалдар менен сыйланган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.