БУХАНЦЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:10, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХА́НЦЕВ Кирилл Иванович (17. 07. 1919, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Cуу облусу, Пишпек уезди, (азыркы Чүй облусу, Аламүдүн району), Лебединовка айылы – 23. 09.1984, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – Даӊк орденинин толук кавалери. Советтик Армиянын катарына 1939-жылы Фрунзе облусунун Ворошилов райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.

Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдын июнь айынан катышкан. Взвод командиринин орун басары болгон. Түштүк-Батыш, Батыш, 1- жана 2-Украин фронтторунун (40-армия, 133-арткычтар дивизиясы, 681-аткычтар полку, 3-аткычтар ротасы) курамында согушкан. Митровица кыштагына (Словакия) жакын жерде көрсөткөн эрдиги үчүн 23. 08. 1945-жылы сержант К. И. Буханцев 3-даражадагы (№ 20985), ошол эле жердеги Зволен шаарын бошотууда 06. 04. 1945-жылы 2-даражадагы, ал эми Ваг өзөнүн (Чехия) кечип өтүүдөгү күжүрмөн каармандыгы үчүн 15. 05. 1946-жылы 1-даражадагы Даңк ордени (№ 3140) ыйгарылган. Согуш аяктаган соӊ Фрунзе шаарындагы турмуш-тиричилик комбинатында эмгектенген. 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.