КАПРОЛАКТАМ
КАПРОЛАКТА́М – i:-аминкапрон кислотасынын лактамы. Ак түстөгү кристалл; бат эрүү t 68–70°С, кайноо t 262°С; сууда ж-а органикалык эриткичтерде (спирт, эфир, бензол, хлороформ) жакшы эрийт. O CH –CH –C 2 2 CH2–CH2–CH2. Капролактам циклдүү амид e-аминкапрон кислотасын эрүү температурасынан (210–220°С) жогору ысытуудан алынышы мүмкүн. Кислотата ж-а щелочтун суудагы эритмесинде e-капрон кислотасына чейин гидролизденет. Капролактам аз өлчөмдөгү суунун, спирттин, аминдердин, органикалык кислоталардын ж. б. бирикмелердин катышуусу м-н жогорку температурада (250–260°С) полимерлешип, «капрон» буласы алынуучу полиамид чайырын пайда кылат. Капролактамды фенолдон синтездөө ыкмасы кененирээк таралган. Капролактам негизинен полиамид пластмассаларын, плёнкаларын, булаларын ж-а лизинди алууда колдонулат.