КАН ТАМЫРЛАР
КАН ТАМЫРЛАР – киши ж-а жаныбардын канын жүрөктөн дене ткандарына жеткирүүчү (артериялар, артериолдор, артерия капиллярлары) ж-а андан кайра жүрөккө алып келүүчү (веналар, вена капиллярлары) түтүктөр. Артериялар кычкылтекке каныккан канды орган, мүчө ж-а ткандарга жеткирет. Анын жүрөктөн чыккан өтө жоон жери толто деп аталат. Толтодон ар бир мүчөгө өзүнчө артерия кан тамырлары бөлүнүп чыгат. Ал артериялар бара-бара ичкерип, майда кан тамырларга, капиллярларга өтөт. Веналар денеден бардык органдар м-н ткандардан чогулган канды жүрөккө алпарат. Алар эң ичке капиллярлардан (венула) пайда болот. Венулалар улам биригип отуруп, орто ж-а жоон веналарга айланат. Дененин төмөнкү бөлүгүнөн кан жыйноочу вена – төмөнкү көңдөй, жогорку бөлүгүнөн кан жыйноочу веналар жогорку көңдөй веналар деп аталат. Ал эми тамак сиңирүүчү органдардан канды чогулткан веналар боорго куят да, дарбаза венасы деп аталат.