КАН СОРГУЧТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:35, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАН СОРГУЧТАР (Hippoleoscidea) – кыска му­рут чымындар тукуму. Алардын узундугу 4–8 мм. Сүт эмүүчүлөр м-н канаттуулардын кан соргуч сырткы мите­лери. Күчтүү буттары ж-а кошумча тишчелүү тырмактары м-н жаныбардын жүнүнө ж-а ка­натына жабышат. Канаттуулары ээсине жолук­канда канатын жоготот. Кээ бир түрү тапта­кыр канатсыз болот. 200дөн ашык түрү бар. Көпчүлүгү жаныбардын бир гана түрүнө ылайык­ташып, ошонун гана денесинде мителик кылат. Личинкасы жумурткалыктын жатын сымал кеңейген жеринде өөрчүп, сүт бездери сыяктуу 2 чоң бездин секрециясы м-н азыктанып, куур­чакчага айланууга даяр туулат. Алар бугу, жыл­кы, уй, кой, ит, канаттуу ж. б-дын кан соргучтары бо­луп бөлүнөт.