КАРИКАТУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:28, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИКАТУ́РА (италянча caricatura– caricare – апыртуу дегенден) – адамдардын же турмуштук көрүнүштөрдүн терс жактарын ашкерелөө мак­сатында шарж менен гротескти пайдалануу; көркөм типтештирүү ыкмасы. Карикатура – кең мааниде адам сымбатын, өңүн, кийимин апыртып, түр­дүү нерселерге окшоштуруу менен күлкү келтирүү үчүн атайын тартылган сүрөт. Карикатура – тар мааниде сүрөт өнөрүнүн (айрыкча графиканын) бөтөнчө жанры; сын багыты айкын болгон сүрөт сати­расынын негизги формасы. Карикатура ыкмалары искусст­вонун түрдүү жанрларында (мисалы – плакатта, гезит же журнал графикасында) пайдаланылат.

Сүрөтчү М. Сыдыкбаев тарткан карикатура.

Жанрдын жаралышы Германиядагы дыйкан­дар согушу (1524–1526) менен байланыштуу. XVIII кылымда англис У. Хогарт карикатуранын ырааттуу өнүгүшүнө негиз түзгөн. Кыргызстанда А. Турумбеков, М. Па­милов, У. Осмоев сыяктуу карикатуристтер бар.