КАМБИЙ
КАМБИЙ́МБИЙ – өсүмдүктүн сабагы м-н тамырын түзүүчү ткандын (меристеманын) бир түрү. Ал сабактын ж-а тамырдын кабыгы м-н жыгачынын аралыгында же өткөргүч боочолордун флоэмасы м-н ксилемасынын ортосунда жайгашкан. Камбий клеткаларынын бөлүнүп көбөйүшүнөн орган жооноёт (туурасынан өсөт). Ал ич жакка 2-ксилеманын, сырт жакка 2-флоэманын клеткаларын пайда кылып турат. Мелүүн алкакта камбий кеч күздөн жазга чейин тыным абалында болот.