КАМБАЛА СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:16, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́МБАЛА СЫМАЛДАР (Pleuronectiformes) –сөөктүү балыктар түркүмү, чоңунун денеси жал­пак, капталынан кысылган, узундугу 6 смден 4,7 мге чейин, салмагы бир нече гдан 330 кгга чейин жетет. Бакалоор жаргакчаларынын 6–7 жыл­чыкчалары бар. Сүзгүч тарсылдагы жок. Сүзгүч­төрүндө, адатта, тикендери болбойт. Эки көзү тең денесинин бир жагында жайгашкан. Баш сөөгү, жуп сүзгүчү, оозу, нервдери, ички органдары ассим­метриялуу. Алардын 67 тукуму, 115 уруусу, 500 түрү Арк­тикадан Субантарктидага чейинки бардык океанда таралган. КМШ өлкөлөрүндө – Ыраакы Чы­гышта 25 түрү, Ак ж-а Баренц деңиздеринде 9, Кара деңизде 6, Балтика деңизинде 4, Арктика­да 1 түрү кездешет. Көбүнчө тайыз сууда жа­шайт, кээ бири дарыяга кирет. Суу түбүндө жа­шоочу балыктар, денесинин пигментсиз жагы

Камбалалар: 1 – кадим­ки палтус; 2 – деңиз камбаласы; 3 – сары канат камбала; 4 – жыл­дыз сымал камбала; 5 –үрпүлүү самарис; 6 –азов камбаласы.

суунун түбүн карайт. Камбала сымалдар деңиз түбүндөгү омурт­касыздар, айрымдары балыктар м-н азыктанат. Ири түрлөрү – жырткычтар.