КАН АГУУ
КАН АГУУ – кан тамыр капталы жабыркаганда же айрым оорулардан бузулганда кандын кетиши. Кан агуу тамырдын түрүнө жараша артериялык, веналык, капиллярдык ж-а аралаш болуп бөлүнөт. Кан агуу жараат алган кан тамырдын капталына ж-а жоондугуна жараша болот. Ири, айрыкча артерия кан тамырдан кан агуу бир нече минутада эле өлүм коркунучун туудуруучу кансыроого алып келет. Кандын уюшу бузулганда оорулууда кичине эле жарааттан кандын агышы узакка созулат ж-а өмүргө коркунуч келтирет. Кан жараат аркылуу сыртка же кандайдыр бир органга (карын, ичеги, мээ ж. б.), көңдөйгө (плевра, көөдөн ж.б.), ошондой эле ткандар арасына агып чогулушу (гематома) ыктымал. Артериялык кан агууда кан ачык кызыл болуп, сыртка атырылып агат, венадан аккан кан үзгүлтүксүз бир калыпта кетип, кочкул түстө болот. Ички органдар (боор, көк боор, өпкө ж.б.) жарадар болгондо кан ички көңдөйлөргө куюлат. Анда кансыроо коркунучу туулуп, өң кубарып, ал кетип, суусайт, тамыр тез-тез кагат, кан басымы төмөндөйт, уйку келет, көз караңгылайт. Канды көп жоготуу эстен танууга алып келет ж-а өмүргө коркунучтуу. Көкүрөк көңдөйүнө кан куюлганда, жогорудагы белгилер м-н бирге дем алуу кыйындап энтигет. Кан баш көңдөйүнө акканда мээнин кысылышынан акыл-эс, дем алуу бузулуп, шал болуу, нервдик өзгөрүүлөр байкалат. Кан тамыры атеросклероз болгон ж-а гемофилия м-н ооруган адамда кан агуу көпкө созулуп, аны токтотуу кыйын. Кан агууну токтотуу чаралары анын пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт. Анда физикалык, биологиялык ыкмалар ж-а дары-дармек колдонулуп, кан агуу убактылуу же биротоло токтотулат. Убактылуу токтотуу жапа чеккен кишини кансыроодон сактайт ж-а биротоло токтотууга чейин көрүлөт. Ага буугуч м-н байлоо, кан тамырды ичкертүүчү дарыларды берүү, муз басуу ж. б. кирет. Биротоло токтотууда хирургиялык жол м-н кан тамыр байланып, жарадар болгон орган тигилет же алып ташталат. Ошондой эле канга аралжы суюктуктар, канды уютма дарылар куюлат.