КАЛЬЦИЙ
КА́ЛЬЦИЙ (лат. Calcium), Са – элементтердин мезгилдик системасынын II тобунда жайгашкан химиялык элемент; атомдук номери 20, атомдук массасы 40,08; тыгыздыгы 1,54 г/см3; эрүү t 851°С; кайноо t 1492°С. Табиятта туруктуу 6 изотобу бар: 40Са, 44Са, 42Са, 48Са, 43Са ж-а 46Са. Табигый бирикмелери: СаСО3 – арагонит, CaMg(CO3)2 – доломит, CaF2 – флюорит, CaSO4–2H2O – гипс; Са3(РО4)2 – фосфорит ж. б. Кальций – күмүш сымал ак, жеңил металл. Металл түрүндөгү кальцийди 1808-жылы англиялык химик Г. Дэви алган. Жер кыртышында массасы боюнча 2,96%ти ээлеп, O, Si, Al, Feден кийинки 5-орунда турат. Кальций ысытканда бардык металлдарды алардын оксиддеринен, сульфиддеринен ж-а галогениддеринен сүрүп чыгарат. Кадимки температурада кальций кычкылтек м-н реакцияга оңой кирип, СаОну пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү негизди Са(ОН)2 берет. Кальций бардык кислота м-н реакцияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Галогендер м-н аракеттенип, тиешелүү туздарды, кургак суутек м-н аракеттенип гидриддерди, графит м-н кошуп ысытканда, карбиддерди пайда кылат. Кальций эритилген СаСl2ни электролиздөө ж-а алюминотермиялык жол м-н алынат: 6CaO+4Al=2Al2O3+6Ca. Таза кальций металлы цезий, рубидий, хром, цирконий, торий, ванадийдин бирикмелерин металлга чейин калыбына келтирүүдө ж-а болот иштетүүдө колдонулат. Техникада кальцийдин коргошун м-н куймасы, минералдары кеңири пайдаланылат. Мисалы, – курулуш материалдары өчүрүлгөн акиташ, цемент ж-а силикат кышын алууда, металлургияда, химия өнөр жайында кальций карбидин, соданы, хлордуу акиташты, жер семирткичтерди алууда, кант, айнек өндүрүүдө колдонулат. Бор, мрамор, талаа шпаты, гипс, флюорит ж.б-дын турмушта мааниси өтө чоң.