КАРДИФФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РДИФФ – Улуу Британиядагы тарыхый про­винция Уэльстин административдик борбору. 1996-жылдан унитардык түзүлүш статусуна ээ. Бристоль бу­луңундагы порт (2005-жылы 2,5 млн т жүк ташыл­ган). Калкы 383,9 миң (2024). Эл аралык аэро­порту бар. Темир жол ж-а автомагистралдар Уэльс­тин ж-а Улуу Британиянын башка шаарлары м-н байланышат. Учурда ири өнөр жай ж-а соода борбору. Кара металлургия, машина куруу (электр-техника, радиоэлектроника), тамак-аш (пиво), кагаз өнөр жай ишканалары ж-а 150дөн ашык фирмалар иштейт. Кардиффда көптөгөн масса-

Ыйык Иоанн чокундуруучу чиркөөсү (15-кылым).

лык маалымат каражаттары (анын ичинде телекомпа­ния ж-а ВВС Wales радиостанциялары) жай­гашкан. Алгач б. з. ч. 1-кылымда эле адамдар отурук­ташкан. Сепил (11-кылым), Лландафта кафедралуу собор (12–15-кылымдар), готика стилиндеги Сент-Жон (15-кылым) ж-а Ыйык Иоанн чокундуруучу (15-кылым) чиркөөсү сакталган. Университеттер, музыка ж-а ко­ролдук драма коллежи (консерватория; 1949), китепканалар системасы (19 филиалды кам­тыйт), музейлер (анын ичинде улуттук), көркөм искусство борбору (1999) ж. б. бар. Жыл сайын ачык ас­ман алдында маданий фестивалдар өткөрүлүп турат. Туризмдин ири борборлорунун бири (жы­лына 11 млндон ашык турист келет).