«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:02, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КАСТАНЬЕ» МРАМОР ОНИКСИ КЕНИ Нарын районунда, Нарын шаарынан 4–5 км батышта, Ала-Мышык тоосунун түндък капталында. Кен айма­гын карбон мезгилиндеги акиташ теги түзөт. Оникс карст процессинен пайда болгон Ала- Мышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңке­йиштеп 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийиктиги 2,5 мге жетет. Оозу кууш (0,7х1,5 м). Мында оникс жайгашуусу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) ка­лыңдыгы 20 ммге жеткен күрөң, ачык күрөң, жездей сары ж-а чокморлошкон ак кабатчалар. Блоктуулугу 25х20х20 см; 2) сталактит-сталаг­мит түрүндө үңкүрдүн оозунан 40 м ары кезде­шет. Жездей сары, күрөң, ак тегерекчелерден турат. Кальциттин аппак майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15х15х15 см; 3) кораллит түрүндөгүсү үңкүрдүн орто ченинен орун алган. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары кооз тегерекчелерден ту­рат. Блоктуулугу 10х5х5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Зергердик кооз буюмдарды жасаса болот.