КАРБОНАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:34, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБОНАТТАР – көмүр кислотасынын (Н2СО3) туз­дары. Алар орто (К2СО3, Na2СО3, СаСО3), кыч­кыл (КНСО3) ж-а негиздик [Сu(ОН)2СО3] болуп бөлүнөт. Щелоч ж-а щелочтуу жер металлда­рын, аммоний ж-а таллийдин орто карбонаттары гана сууда эрийт. Эритмелери негиздик касиетке ээ. Карбонаттар ысытуудан ажырайт. Мисалы, CaCO3=СаО+CO2. Гидрокарбонаттар ысытканда, орто карбонаттарга айла­нат: 2NaНСО3=Na2СО32О+СО2. Жаратылыш­та орто карбонаттар кеңири таралган. Zn, Рb, Сu, Fе ж. б. сыяктуу металлдардын карбонаттары – баалуу металл кендери. Алардын ичинен СаСО3 – кальцит, МgСО3 – магнезит ж. б. курулушта, химия өнөр жайында, отко чыдамдуу материалдарды алуу­да колдонулат. Синтезделген карбонаттардан сода (Nа2СО3 ж-а NaНСО3) техникада кеңири колдонулат. Гид­рокарбонаттар буфердик зат болуу м-н физиологиялык мааниси да чоң. Карбонаттар жаратылышта минералдар түрүндө кеңири таралган. Алардын негизгиле­ри: кальцит СаСО3, магнезит МgСО3, сидерит FеСО3, родохрозит МnСО3, смитсонит ZпСО3; витерит ВаСО3, стронцианит SrСО3, церуссит РbСО3 ж. б. Карбонаттар ачык түстө; жез карбонаты гана жашыл-көгүлтүр түстө болот. Бардык карбонаттар туз ж-а азот кислотасы м-н кошулганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Негизги өкүлдөрү (каль­цит, доломит, сидерит) чөкмө түрүндө деңиз тү­бүндө пайда болот да, калың катмарларды түзөт. Карбонаттар Кыргызстанда өтө көп, негизинен химия, це­мент, өнөр жай үчүн сырьё ж-а курулуш материалы (акиташ, мрамор) катары колдонулат.