ВЫГЛАЗОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:17, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, СССР, Батыш Сибирь крайы, Сузун району, Шайдаров кыштагы – 16. 05.1942, РСФСР, Крым АССРи, Ленин району, Баксы (башка маалыматта Глазовка) кыштагы) – Советтер Союзунун Баатыры (22. 03. 1944). Советтик Армиянын катарына Ош облусунун Гүлчө райондук аскер комиссариаты тарабынан 1939-жылы чакы­рылган.

Улуу Ата Мекен­дик согушта Түндүк Кавказ фронт штабынын чалгын­доо бөлүмүнүн парашют ба­тальонунда бөлүмдүн ко­мандири. Керчь жарым аралындагы салгылаштарга катышкан. Керчь жарым аралындагы Темиров шаарынын аймагындагы салгы­лашта душмандын 3 танка­сын экипажы менен талкалап, 20 фашистти жок кылып, советтик аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор Г. И. Выглазов ошол чабуулда кур­ман болгон. Ленин ордени менен сыйланган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.