КАРБИДДЕР
КАРБИДДЕР – көмүртектин металлдар ж-а кээ бир металл эместер м-н болгон химиялык бирикмелери. Химиялык байланыш типтери боюнча иондук, коваленттик ж-а металл сымал болуп бөлүнөт. Иондук карбиддерде металл атомдору – катион, көмүртек анион катары каралат. Булар: Li2C2, Na2C2, CaC2, Cu2C2, Al3C4 ж. б. Суу м-н биригип, ацетилен же метанды бөлүп чыгарат. Коваленттик карбиддерге кремний ж-а бор карбиддери SiC, B4C кирет. Аларда атом аралык байланыштары өтө күчтүү болгондуктан, өтө катуу ысытууга туруктуу ж-а жарым өткөргүч касиетке ээ. Металл сымал карбиддер – металлдарга окшош электр тогун жакшы өткөрүүчү, катуу морт заттар. Металл сымал карбиддерде көмүртек атому металлдын кристаллдык торчосундагы боштукка жайгашкандыктан, өтө катуу, бышык, өтө жогорку температурада эрүүчү заттар, мисалы, HfC 4200°Сде эрийт. Алар суу, щелочь, көпчүлүк минералдык кислоталарга абдан туруктуу. Металл сымал карбиддерге Н2, О2ни таасир эткенде гидрокарбиддер, оксикарбиддер. Алар жогорку температурага ж-а кислоталарга абдан туруктуу. карбиддер негизинен күкүмдөлгөн металлдарды көмүртек м-н инерттүү чөйрөдө жогорку температурада ысытууда алынат. Карбиддер табиятта минерал түрүндө да көп жолугат. Карбиддер ширетүү ишинде ацетилен (СаС2) булагы, титан, ниобий, тантол, молибден, вольфрам ж. б. металлдардын карбиддери катуу куймалардын компоненти катары, жогорку температуралык жылыткычтар үчүн материал (SiC ж. б.), кескич ж-а жонгуч аспаптарды жасоодо колдонулат.