КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСИЯ
КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕ́СИЯ , Карачай-Черкес Республикасы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түндүк этегинде жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты 14,3 миң км2. Калкы 429,0 миң (2008). Борбору – Черкесск шаары. Административдик-аймактык жактан 9 районго, 4 шаарга, 7 шаарчага бөлүнөт. Түштүк федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы республиканын 1996-жылы кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Мамлекет башчысы – президент.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экологиялык абалы анча татаал эмес, ал атмосферанын ж-а суунун булгануусуна байланыштуу. Жери деградацияга учурап, анын негизинде экологиялык курч абал пайда болууда. Абаны автомобиль газдары булгоодо (жылына 300 миң т). Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн (2/3 ) Чоң Кавказ кырка тоосунун тоо системалары ээлейт. Эң бийик жери Эльбрус чокусу (5642 м; Россиянын эң бийик точкасы). Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы түндүгүндө –3°Сден –4°Сге чейин (–33°Сге чейин суук болот), түштүгүндө –10°C, июлдуку 21– 21°Сге чейин (максимуму 38–40°С). Жылдык жаан-чачыны 500 – 700 мм ден (түздүктөрүндө) 2000–2500 ммге чейин ) тоолорунда. Башкы дарыясы – Кубань (анын куймалары: Теберда, Кичи ж-а Чоң Зеленчук, Уруп, Чоң Лаба). Анча чоң эмес 370тен ашык көлү бар. Республиканын түндүгүнөн Чоң Ставрополь каналы өтөт. Тоо этегиндеги талаалар жазы ж-а ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай ж-а кызыл карагай) м-н, жогорулаган сайын бийик тоолуу шалбаа м-н алмашат. Кен байлыктарынан көмүр, алтын, түстүү металл, отко чыдамдуу чопо, мрамор, жез ж. б. казылып алынат. Минералдуу суулар (нарзан тибиндеги), жылуу булактар чыгат. Россиянын Кызыл китебине омурткалуулардын 27 түрү (анын ичинде кавказ кундузу, кавказ токой мышыгы ж. б.) киргизилген. Теберда (Архыз участкасында кавказ беловежа зубру коргоого алынган; 50дөн ашык), Кавказ (бир бөлүгү) коруктары уюшулган. Коргоого алынган аймак республиканын жеринин 41%ин ээлейт. Кавказ коругу (биосфералык) Чоң Кав-

каз объектилеринин курамында, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Карачай-Черкесиянын чегинде өзгөчө коргоого алынган экологиялык- курорт – Кавказ минералдуу суулары жайгашкан.
Калкынын негизин орустар (42,4%) түзөт; ошондой эле карачай (32,2), черкес (9,7), абазин (6,6%), ногой (3,2) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ислам (мусулман), христиан (православныйлар ж-а протестанттар) динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 30,2 киши. Шаар калкы 44,1%. Маанилүү шаарлары: Усть-Жегута, Карачаевск. 19-кылымдын 1-жарымынан Россиянын курамында. 1922-жылы Карачай-Черкес АОсу болуп түзүлүп, 1926-жылы Карачай АОсуна ж-а Черкес улуттук округуна (1928-жылдан Черкес АОсу) бөлүнгөн. 1943-жылы Карачай автономиясы жоюлуп, калкы күч м-н чыгарылган. 1957-жылы кайрадан биригишип, Карачай-Черкес АОсу калыбына келтирилген. 1992-жылдан Карачай-Черкес Республикасы. Карачай-Черкесия Түндүк-Кавказ экономикалык районунун курамына кирет. Республиканын экономикасы туризмге байланыштуу (кийинки кездери региондо абал туруктуу эмес). Аймагы тоолуу (80%) болгондуктан, туризм, альпинизм ж-а курорт тармактарынын өнүгүшүнө толук шарт бар. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 7372,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 18,3%, айыл чарбаныкы 24,8%. Химия, нефть-химия (ири ишканалары: З. С. Цахилов атындагы Черкес химия өндүрүш бирикмеси, «Резинатехника»), тамак-аш («Меркурий», «Сатурн», «Камос», Эркен-Шахар кант заводу), курулуш материалдар («Кавказцемент»), электр энергетика өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбага жарактуу жери 581,5 миң га (жер фондусунун 40%), анын ичинде 26,7%ин айдоо аянты ээлейт. Дан эгиндери (138,3 миң га), тоют ж-а жашылча-бакча өсүмдүктөрү (21,3%), картөшкө айдалат. Темир жолунун узундугу 51 км, автомобилдики 3043 км (толугу м-н асфальтталган). Жалпы билим берүүчү 192, башталгыч ж-а орто билим берүүчү 15 окуу жайы, 16 ЖОЖ (анын ичинде 11 мамлекеттик, филиалдары м-н) бар. 4 театр, филармония, 8 музей (анын ичинде тарыхый-маданий ж-а табигый музей-корук, улуттук «Алан Эрмитажы», баалуу таштар ж. б.), 3 китепкана (анын ичинде атайын азиздер үчүн) иштейт. Республиканын аймагы аркылуу Аскер-Сухуми жолу өтөт. Республикадада 10–11-кылымдардын архитектуралык эстеликтери (крест-кумпалуу храмдары), коргонуу жайларынын (Адиюх шаар калдыгындагы мунара; 1760), коргон-бейиттердин (14–17-кылымдар) ж-а мечиттердин (Хасауте, 19-кылымдын башы) калдыктары сакталган. 1987-жылдан автордук ыр фестивалы өткөрүлүп турат.
Ад.: Карачаево-Черкессия // Большая Российская Энциклопедия, спец. том. Россия, М., 2004; Карачаево-Черкессия // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.
Р. Карачалова.