КАРАПЧЫ
КАРАПЧЫ – байыркы жоокерлердин коргонуу куралы. Ал билекке, колдун кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилген. Карапчы алгач катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган шириден, кийин металлдан жасалган. Чокмор, шылк этме, ай балта, кылыч, канжар окшогон куралдардан коргонуу үчүн колдонулган. Карапчыны атчан жоокерлер пайдаланган. Атма куралдар чыккандан кийин карапчы пайдаланылбай калды.