КАРАНТИН
КАРАНТИ́Н (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен таралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитардык ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума таралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн портко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык байкоо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келтеде – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгерде карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баштап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин айыл чарба министрлиги тарабынан иштелип чыккан ветеринардык уставда ж-а инструкцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаңдын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин коюлат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңгайына ж. б. кошумча факторлорго карата аныкталат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу малды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизилбейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын продуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даярдоого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жугушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайларга, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол бекетине, аэропортко, көлдөгү, портторго карантин коюлса, айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринариялык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттарды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветеринар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунучтуу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, облустук ж-а ветеринариялык уюмдар убактылуу атайын ветеринариялык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-чаралар толук аткарылган соң, ветеринариялык инструкцияга таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин эл аралык эпизоотиялык бюро (борбору Парижде) даярдайт.
Д. Раимбеков.