КАРАНДАШ (сүрөт тартуу үчүн)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:42, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАНДА́Ш (түркчө кара жана таш – даш) – жа­зуу, сүрөт тартуу, чийүү үчүн көмүрдөн, корго­шундан, графиттен же кургак ныкталган боёк­тон ичке таякча түрүндө (көбүнчө жыгач же металл кутучада) жасалган өзөк. Италия карандаштары XV кылымдан белгилүү. XVIII–XIX кылымдарда карандаш графит мине­ралы менен топурактын өзгөчө сортунун ар кан­дай катуулук даражасындагы кошундусунан турган. Азыр көбүнчө күйгүзүлгөн сөөктүн суу май желими менен катырылган күкүмүнөн жаса­лат. Cангина жана пастель таякчалары да карандаш деп аталат.