КАРАНДАШ (Михаил Николаевич Румянцев)
КАРАНДА́Ш (өз аты-жөнү – Михаил Николаевич Румянцев) (24. 11. 1901, Санкт-Петербург – 31. 3. 1983, Москва) – цирк артисти. CCCР эл артисти (1969), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979). 1930-жылы цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. Алгач Ч. Чаплинди туурап ойногон. 1934–1935-жылдары Ленинград циркинде француз карикатурист-сүрөтчү Каран д᾽ Аштын ысмын ылакап ат кылып алып, жаңы образдарды жараткан. Карандаштын каарманы – чоң эле киши, бирок анын бала кыял жана шайыр мүнөзү артистке күлкүлүү кырдаал түзүп, трюктарды ишенимдүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк берген. Карандаш акробат, гимнаст, жонглёр, дрессировщиктердин номерлерине катышкан. 1946-жылдан тартып клоун тобун жетектеген. Анын шакирттери: Ю. Никулин – М. Шуйдин жана башкалар. Карандаш кино тасмаларга да тартылган («Карандаш муз үстүндө» жана башкалар). Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Мамлекеттик цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына ысмы берилген, Ленин ордени менен сыйланган.
