КАРАНАЙ
КАРАНАЙ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 23 км батыш тарапта. Кызыл- Кыя темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 3187 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Китепкана, бала бакча бар.