КАРАМЗИН
КАРАМЗИ́Н Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук району, Михайловка кыштагы – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петербург] – орус жазуучусу, публицист ж-а тарыхчы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-жылга чейин билим алган. Москва университетинен лекция уккан. Карамзиндин чыгармачылыгы котормодон башталган. 1789-жылы Батыш Европаны аралап, белгилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар м-н таанышкан.

Ал Россияда «Московский журнал» (1791–92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чыгарган. «Евгений менен Юлия» (1789), «Орус саякатчысынын каттары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» ж. б. повесттери аркылуу орус адабиятында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин чыгармачылыгынын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жылдардын орто ченинде тарых маселелерине кызыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-жылдарда «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 томдук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. Карамзин тарыхка кыраакы караган, башкача айтканда адамзат тарыхы бул – бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын негизин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билимсиздиктин күрөшү түзөт деген. Карамзиндин түшүнүгү боюнча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таандык. Карамзиндин тарыхка көз карашы учурунда мамлекет тарабынан колдоого алынып, расмий жол-жобо деп таанылган. Славянофилдер Карамзинди руханий атабыз деп эсептешкен. А. И. Герцен Карамзин «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген.
Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; Сапченко Л. А. Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Ульяновск, 2003.