КАРАМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМАТОВ Озодбек (29. 3. 1964-жылы туулган, Ош облусу, Сузак району, Сузак айылы) – экономика илимдеринин доктору (2005). Ташкент айыл чарбасын ирригациялоо ж-а механикалаштыруу инженер­лер институтун бүткөндөн (1987) кийин инженердик геоде­зия кафедрасында ассистент, 1990–92-жылдарда Акмо­ло (азыркы Астана) айыл чарба институтунун аспиранту­расында окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993–94-жылдарда кайрадан Ташкент инже­нерлер институтунда, 1994–96-жылдарда прогнозстатмам­комунда, 1996–97-жылдарда «Банксугурта» камсыздан­дыруу компаниясында, 1997–98-жылдарда «Марс-МН» АКда иштеген. 1999-жылы Эл достугу университетине рек­тор болуп шайланган. 2005–07-жылдарда ушул университеттин экономика, менеджмент ж-а бизнес кафедрасын­да доцент, 2007–09-жылдарда проректор, 2009-жылдан ректор. 2 монографиянын, 30дан ашуун илимий эм­гектин автору.

Эмг.: Рынок земли: реалии и перспективы. Б., 2005; Функционирование и регулирование рынка земли в Кыргызстане. Б., 2008.