КАРАКЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:53, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКЧЫЛЫК – пайда көрүү максатында жеке менчик, коомдук мүлктөргө кол салуу, зордоп ээлеп алуу. Каракчылык негизинен өмүр, саламаттыкка коркунуч келтире турган зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу анык­талат. Каракчылыктын объектиси болуп жабырлануучу­нун менчиги; кошумча объектиси болсо анын саламаттыгы; ал эми кылмыш предмети ката­ры бирөөнүн мүлкү эсептелинет. Каракчылык атайылап, тике ниетте жасалышы м-н мүнөздөлөт. Мын­дай кылмышты квалификациялоодо айыпта­луучунун күнөөсү гана эмес, кылмыштын жүйөсү да такталышы зарыл. 14 жашка толгон акыл-эси соо адам гана каракчылыктын субъектиси болуп эсеп­телинет. Алдын-ала бүтүм кылынбай же бүтүм боюнча да бир нече жолу турак жай, имарат ж. б. сактоочу жайга кирүү, курал же курал катарын­да пайдаланылган нерселерди колдонуу, мурда уурулук жасоо, опузалоо ж-а бандиттик үчүн соттолуп, ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу макса­тында жабырлануучунун ден соолугуна оор за­лал келтирүү м-н уюмдашкан топ жасаган кыл­мыш каракчылыктын оордотуучу ж-а өтө оордотуучу бел­гилери болуп саналат.

К. А. Бодобаев.