КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ
КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Ала- Тоонун эң бийик чокусу. Караколдун түштүк капталынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Узундугу 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4390 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. 1943–60-жылдарда 2,1 кмге тартылган, музу жукарып, тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол куймасы Каракол-Төр суусу агып чыгат.