КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:47, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ to КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Түндүк Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Каракол суусу аккан багыт боюнча түштүктөн түндүккө карай 35 кмге созулат. Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында. Таманынын жазы жери 3–4 км (Ка­ракол шаарынын түштүгүндө), кууш жери 700– 1000 м, таманынын басымдуу бийиктиги 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен

Өрөөндүн ландшафты. Арткы планда Тескей Ала- Тоо.

пайда болгон. Өрөөндүн башы тепши сымал, анда ири мөңгүлөр бар. Караколдун ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгү кууш, капталдары бир аз жантайыңкы капчыгайды түзөт; тоо капталда­рында ири карагай токойлору кездешет. Өрөөн­дүн ландшафтында шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа алкактары басымдуу. Өрөөндүн тоодон чыга беришинде Каракол шаары орун алган. Жайыт; илимий ж-а рекреациялык мааниси чоң.