КИРОВ кыштагы, Панфилов району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КИРОВ Чүй облусундагы кыштак to КИРОВ кыштагы, Панфилов району) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́РОВ – Чүй обл­усунун Панфилов районундагы кыштак. Күрпүлдөк айыл ок­ругуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 685 м бийикте жайгаш­кан. Райондун бор­бору жана темир жол бекети Кайыңды шаарчасынан 19 км түштүк тарапта. Калкы 1005 (2008); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, фельдшер-акушердик пункт бар.
Үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган.